2026-жылдын 2-апрелинде Ош мамлекеттик университетинин Экономика, бизнес жана менеджмент институтунда бухгалтердик эсеп, анализ, аудит жана статистика предметтери боюнча ЖОЖдор аралык олимпиада болуп өттү.
Аталган олимпиадага Ош технологиялык университетинин Экономика жана башкаруу институтунун “Бухгалтердик эсеп жана аудит” кафедрасынын студенттери катышып, жогорку жыйынтыктарды көрсөтүштү.
Жыйынтыгында төмөнкү студенттер байгелүү орундарга ээ болушту:
• Камалов Керимбай, Э(БЭжА)-1-24 тайпасы — бухгалтердик эсеп предмети боюнча 2-орун;
• Рашитбекова Гулнара, Э(Стат)-1-24 тайпасы — статистика предмети боюнча 2-орун;
• Исмаилова Альбина, Э(БЭжА)-1-24 тайпасы — экономикалык анализ предмети боюнча 3-орун;
• Акматова Уулкыз, Э(БЭжА)-1-23 тайпасы — аудит предмети боюнча 3-орун.
Бул жетишкендиктер студенттердин теориялык билимдеринин жогору деңгээлин жана практикалык даярдыгын тастыктап, ОшТУнун билим берүү сапатынын жогорку экенин көрсөтөт.