3-апрель Бухгалтерлердин кесиптик күнүнө карата Ош технологиялык университетинде гуманитардык-технологиялык колледжинин студенттери үчүн конок лекция өткөрүлдү. Иш-чара Экономика предметтик-циклдык бирикмесинин окутуучулары тарабынан уюштурулуп, студенттердин кесиптик билимдерин өнүктүрүүгө багытталды.
Конок лекцияга Кыргыз Республикасынын Салык кызматынын 2-рангадагы кеңешчиси, Маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Абдырай уулу Асылбек чакырылып, ЭиБУ-1-24(9), ЭиБУ-2-24(9) жана ЭиБУ-2-25(9) тайпаларынын студенттерине “Кыргызстандагы бухгалтердик эсеп жана салыктар” аттуу темада мазмундуу лекция окуп берди.
Лекциянын жүрүшүндө студенттер бухгалтердик эсептин учурдагы абалы, салыктар системасы жана практикалык маселелер боюнча кеңири маалымат алышып, кызыккан суроолоруна жооп алышты. Конкреттүү мисалдар аркылуу теория менен практиканын байланышы көрсөтүлүп, студенттер өз кесиптик компетенцияларын жогорулатууга мүмкүнчүлүк алышты.
Бул иш-чара студенттерге бухгалтердик кесипти терең түшүнүүгө, актуалдуу практика жана мамлекеттик стандарттар менен таанышууга чоң өбөлгө түздү. Мындай конок лекциялар студенттердин келечектеги кесиптик тандоосуна жана компетенттүүлүгүнө өз салымын кошот.