Ош технологиялык университетинде “Чанган” автокорпорациясы менен биргелешкен ишкана түзүү боюнча келишимди кароо максатында онлайн жолугушуу өттү.
Иш-чарага ОшТУнун Кытай борборунун жетекчиси Азамат Тухтаматов жана Кыргыз-кытай университетинин өкүлү Цуй Синьюй катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө ОшТУнун “Транспорттук процесстердин технологиясы” адистиги боюнча студенттер жана окутуучулар үчүн электроавтомобилдерди оңдоо жана кураштыруу багытында жаңы адистиктерди ачуу маселеси талкууланды.
Ошондой эле тараптар студенттерди жана окутуучуларды Кытай Эл Республикасындагы Чунцинь профессионалдык институтунда “2+1+1” модели боюнча окутуу мүмкүнчүлүгүн сунушташты. Бул модель боюнча студенттер 2 жыл ОшТУда, 1 жыл Кытайда жана кайра 1 жыл ОшТУда билим алышат. Мындан сырткары, кытай тилин окутуу программасын киргизүү маселеси да каралууда.
Жолугушууда ОшТУ менен “Чанган” автокорпорациясынын ортосунда меморандум түзүү маселеси да талкууланды.