Erasmus+ программасынын DIGITECH долбоорунун алкагында уюштурулган семинар жана консорциум өнөктөштөрүнүн кезектеги жолугушуусу Словения Республикасынын Марибор университетинде болуп өттү.
Аталган иш-чарага DIGITECH долбоорунун координатору, Ош технологиялык университетинин профессору Аттокуров Урмат Төлөгөнович, Окуу бөлүмүнүн башчысы Абдуллаев Улан, Инновациялык жана маалыматтык технологиялар институтунун директору Арзыбаева Менди, «Колдонмо информатика жана чоң маалыматтар» билим берүү программасынын доценти Матисаков Жумакадыр, ага окутуучу Абдрахманова Ксайет жана эл аралык бөлүмдүн адиси Нармирзаева Шарапат катышты.
Семинарга Кыргызстандан өнөктөш катары Кыргыз-Герман колдонмо институту, ошондой эле чет өлкөлүк өнөктөштөрдөн Германиянын HAW Hamburg университети, Словениянын Марибор университети, ASUE, Армениядагы Ереван мамлекеттик университетинин Иджеван филиалы, ошондой эле Грузиянын GTU жана BTU университеттери катышышты.
Иш-чаранын алкагында жогорку окуу жайларда билим берүү программаларын модернизациялоо, санариптик технологияларды окуу процессине интеграциялоо жана заманбап окуу пландарын иштеп чыгуу боюнча тажрыйба алмашуу жүргүзүлдү.
Тренингдин жүрүшүндө төмөнкү негизги багыттар каралды:
- окуу пландарын жаңылоо жана эл аралык стандарттарга ылайыкташтыруу;
- компетенттүүлүккө негизделген билим берүү ыкмаларын колдонуу;
- санариптик инструменттерди (онлайн платформалар, LMS системалары) окутууда натыйжалуу пайдалануу;
- практикага багытталган билим берүү моделдерин иштеп чыгуу;
- европалык университеттердин алдыңкы тажрыйбасын үйрөнүү.
Марибор университетинин окутуучулары жана эксперттери тарабынан практикалык сабактар, топтук иштер жана презентациялар уюштурулуп, катышуучулар өз долбоорлорунун алкагында окуу программаларын өркүндөтүү боюнча иштерди жүргүзүштү. ОшТУнун делегациясы да команда менен биргеликте окуу программаларынын структурасын талдап, аны жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыкты.
Аталган тренинг билим берүү программаларын заманбап талаптарга ылайык жаңылоодо маанилүү практикалык жана теориялык тажрыйба берди. Катышуучулар компетенттүүлүккө негизделген окутуу, санариптик технологияларды натыйжалуу колдонуу жана практикага багытталган билим берүү моделдерин иштеп чыгуу боюнча жаңы ыкмаларды өздөштүрүштү. Ошондой эле европалык тажрыйбаларды талдоо аркылуу окуу программаларын эл аралык стандарттарга жакындатуу мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилди.











