Ош технологиялык университетинин Экономика жана башкаруу институтунда экономика илимдеринин доктору, профессор Абдиева Алия Ильясбековна «Каржылык сабаттуулук, жеке каржыларды башкаруу, криптовалюталар жана заманбап инвестициялык инструменттер» темасында конок лекция окуду.
Иш-чарада Экономика жана финансы кафедрасынын башчысы Марат Зикираев сөз сүйлөп, финансылык сабаттуулуктун маанисин белгиледи.
Лекцияга институттун окутуучулары жана студенттери активдүү катышып, актуалдуу темалар боюнча кеңири маалымат алышты. Катышуучулар суроо-жооп форматында талкууга катышып, билимдерин тереңдетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Лекциядан кийин ОшТУнун ректору, профессор Жанболот Турсунбаев профессор Абдиева Алия Ильясбековнаны кабыл алып, ыраазычылык билдирди.
Мындай иш-чаралар студенттердин финансылык сабаттуулугун жогорулатууга жана заманбап экономикалык процесстерди түшүнүүгө өбөлгө түзөт.