2026-жылдын 26-март күнү Экономика багытынын Финансы жана кредит профилинин студенттери үчүн “Монетардык саясат” предметинин алкагында конок лекция өткөрүлдү. Лекцияны “АБанк” ААКнын “Ош Датка” филиалынын кредит боюнча башкы адиси Сулайманов Жыргал Токторбаевич алып барды.
Лекциянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасындагы инфляциянын учурдагы абалы, анын пайда болуу себептери жана экономикага тийгизген таасири кеңири каралды. Ошондой эле инфляцияга таасир эткен ички жана тышкы факторлор, дүйнөлүк рыноктогу өзгөрүүлөр, валюта курсунун туруксуздугу жана импортко көз карандылык тууралуу маалымат берилди.
Мындан тышкары, акча-кредит саясатынын негизги инструменттери, пайыздык чендердин ролу жана инфляцияны жөнгө салуу боюнча жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясат талкууланды. Лекция интерактивдүү форматта өтүп, студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты.
Жыйынтыгында, студенттер инфляциялык процесстерди тереңирээк түшүнүп, теориялык билимдерин практикалык маалыматтар менен толуктоого мүмкүнчүлүк алышты.