Ош технологиялык университетинде Энергетика жана транспорт институтунун студенттери үчүн конок лекция уюштурулду.
Лекцияны Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Электроэнергетика кафедрасынын ага окутуучусу Бактыгуль Жолдошова окуп, анда энергетика адистигинин студенттери жана окутуучулары катышышты.
Лекциянын алкагында катышуучулар актуалдуу темалар боюнча терең маалымат алышып, практикалык жана теориялык билимдерин кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Ошондой эле студенттер катышуучулар менен түз суроо-жооп өткөрүп, өз кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга багытталган интерактивдүү талкууларга катышышты.
Келген конокту ОшТУнун окуу иштери боюнча проректору Улукбек Мамытов кабыл алып, лекция үчүн ыраазычылык билдирди жана эки университеттин ортосундагы кызматташуу менен алмашуу байланыштарын чыңдоону белгиледи.