Ош технологиялык университетинин Химия жана химиялык технология кафедрасынын ХТНГс-1-2-21 тайпасынын студенттери келишимдин негизинде Газпром Кыргызстан ЖЧКсынын «Югтрансгаз» филиалында болуп, тажрыйба алмашышты.
Мында студенттер өндүрүш процесстери, заманбап технологиялар жана тармактык жабдуулар менен таанышып, өздөрүнүн теориялык билимдерин практикалык мисалдар аркылуу тереңдетишти. Ошондой эле ишкананын адистери менен түз байланыш түзүп, кесиптик багытта пайдалуу маалыматтарды алышып, өндүрүштүк практикасын да өтөп жатышат.
Мындай тажрыйба алмашуу студенттердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга, тармактык тажрыйба топтоосуна жана келечектеги ишмердүүлүгүнө маанилүү салым кошот.