Ош технологиялык университетинде 21-март — Нооруз майрамына карата китепканачылар жамааты тарабынан майрамдык иш-чара уюштурулду.
Иш-чарага Жалпы бөлүмдүн башчысы Шавкат Маразаков, Тарбия иштери жана социалдык өнүктүрүү департаментинин директору Рамис Ыдырысов, ошондой эле окутуучулар, кызматкерлер жана студенттер катышышты.
Майрамдык кечени китепкананын директору Курбанбай кызы Акмангүл ачып, келген конокторду Нооруз майрамы менен куттуктады. Ал эми Шавкат Маразаков өз сөзүндө Нооруз майрамынын тарыхый мааниси, улуттук баалуулуктарды сактоодогу орду жана элдердин биримдигин чыңдоодогу ролу тууралуу белгилеп өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө обондуу ырлар аткарылып, бийлер коюлуп, улуттук оюндар көрсөтүлдү. Катышуучуларга улуттук накыл сөздөр айтылып, дасторкондо улуттук даамдар сунушталды. Активдүү катышкан студенттер жана кызматкерлер ар кандай белектер менен сыйланышты.
Майрамдык иш-чара улуттук маданиятты даңазалоо, салт-санааларды сактоо жана студенттердин маданий-рухий дүйнөсүн байытуу максатын көздөдү