Ош технологиялык университети менен Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ортосунда түзүлгөн кызматташуу келишиминин алкагында академиялык мобилдүүлүк программасы ийгиликтүү ишке ашырылууда.
Аталган программанын негизинде ОшТУнун Гуманитардык-технологиялык колледжинин Педагогика жана котормо иши предметтик-циклдик бирикмесинин ПНК-1-24(9) жана ПНК-2-24(9) тайпаларынын студенттери үчүн ЖАМУнун Педагогикалык колледжинин тажрыйбалуу окутуучулары тарабынан «Башталгыч класстарда окутуу» адистиги боюнча конок лекция уюштурулду.
Лекциянын жүрүшүндө башталгыч билим берүүнүн заманбап ыкмалары, окутуунун инновациялык технологиялары жана окуучулардын таанып-билүү активдүүлүгүн жогорулатуунун натыйжалуу жолдору тууралуу кеңири маалымат берилди. Теориялык билимдер практикалык мисалдар менен айкалыштырылып, студенттердин кесиптик компетенттүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган интерактивдүү талкуулар өткөрүлдү.
Мындай форматтагы иш-чаралар студенттердин билим сапатын жогорулатууга, тажрыйба алмашууга жана келечектеги кесиптик ишмердүүлүккө даярдоодо маанилүү роль ойнойт.