Бүгүн Ош технологиялык университетине Кытай Эл Республикасынын Сучжоу университетинин тышкы байланыштар департаментинин директору Ши Мо мырза жетектеген делегация келди. Делегацияны Ош технологиялык университетинин ректору профессор Жанболот Турсунбаев кабыл алды.
Жолугушуунун алкагында тараптар билим берүү жана илимий чөйрөдөгү кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Иш-чаранын жүрүшүндө университеттер ортосундагы академиялык байланыштарды чыңдоо жана биргелешкен билим берүү программаларын өнүктүрүү максатында Кыргыз-Кытай институтун ачуу боюнча эки тараптуу келишимге кол коюлду.
Мындан сырткары, тараптар кош дипломдуулук программаларын ишке ашыруу боюнча да макулдашууга жетишти. Анын алкагында бакалавриат деңгээлинде 2+2, 3+1, 1+3 форматындагы программалар, магистратура боюнча 2+0 жана 1+1 форматтары, ошондой эле PhD докторантура багытында окуу программалары каралды.
Бул кызматташтык Ош технологиялык университетинин эл аралык байланыштарын кеңейтүүгө, билим берүү сапатын жогорулатууга жана студенттерге эл аралык деңгээлде билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн түзүүгө өбөлгө болот.











