Ош технологиялык университетинде Билим берүүнүн сапаты, аккредитация жана лицензиялоо бөлүмү тарабынан уюштурулган «Сапаттуу билим берүүдөгү педагогикалык чеберчиликтер» аталышындагы жаш окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу курсу ийгиликтүү жыйынтыкталды.
Курс жаш окутуучулардын педагогикалык компетенттүүлүгүн өнүктүрүүгө, заманбап окутуу технологияларын колдонууга жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталды. Окуу учурунда катышуучулар интерактивдүү окутуу ыкмалары, сабакты натыйжалуу пландоо жана студенттердин активдүүлүгүн арттыруунун жолдору менен таанышышты.
Ошондой эле курстун алкагында практикалык иштер, топтук талкуулар жана тажрыйба алмашуу уюштурулуп, жаш окутуучулардын кесиптик чеберчилигин жогорулатууга шарт түзүлдү.