Ош технологиялык университетинде Борбордук Азиянын Логистика Институтунун (LICA) өкүлдөрүнүн академиялык сапары болуп өттү. Жолугушуунун алкагында логистика жана жеткирүү чынжырларын башкаруу тармагындагы заманбап тенденциялар, санариптик трансформация жана аймактык экономикалык өнүгүү маселелерине арналган илимий-практикалык семинар уюштурулду.
Иш-чарага Экономика жана башкаруу институтунун, ошондой эле Энергетика жана транспорт институтунун профессордук-окутуучулук курамы жана «Транспорттук ташуулар технологиясы» багытынын студенттери катышты. Семинарда эл аралык эксперттер логистика тармагындагы актуалдуу темалар боюнча баяндамалар жасашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Ош технологиялык университети менен Борбордук Азиянын Логистика Институтунун (LICA) ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду. Документ билим берүү, илимий изилдөөлөр жана академиялык мобилдүүлүк багытында кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган.
Жыйынтыгында тараптар логистика, экономика жана аймактын туруктуу өнүгүүсү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.