Ош технологиялык университети жана Эл аралык инновациялык технологиялар университети ортосунда окутуучулардын кесипкөйлүгүн арттырууга багытталган илимий-практикалык семинар болуп өттү.
«Интерактивные формы развития и обучения: от мастерства преподавания к стратегическому влиянию» аттуу семинар заманбап билим берүү стандарттарына ылайык уюштурулуп, окутуунун интерактивдүү усулдарын өздөштүрүү аркылуу билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталды.
Семинар ОшТУнун гуманитардык-технологиялык колледжинин Усулдук кеңешинин төрайымы Салтанат Торонбековнанын демилгеси менен өткөрүлүп, 144 сааттык окуу программасын камтыды. Катышуучулар теориялык билимдерин тереңдетип, практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүштү.
Мындай иш-чаралар жогорку жана орто кесиптик билим берүү мекемелеринин ортосундагы кызматташууну чыңдап, билим берүү сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.











