Ош технологиялык университетинде Эл аралык мамилелер, укук жана билим берүү институту тарабынан уюштурулган «Билим Ордо» аттуу интеллектуалдык оюн болуп өттү.
Иш-чара Колдонмо математика жана информатика кафедрасы тарабынан өткөрүлүп, анын негизги максаты студенттердин достугун чыңдоо жана интеллектуалдык деңгээлин жогорулатуу болду.
Интеллектуалдык таймашка жалпы 9 команда катышып, оюн жогорку деңгээлде уюштурулду.
Жыйынтыгында:
1-орун — «Чексиз» командасы
2-орун — «Энигма» командасы
3-орун — «Логос» командасы ээледи.
Мындан сырткары, «Билерман команда» номинациясы «Логика+» командасына, ал эми «Билерман оюнчу» номинациясы Нурмамат кызы Аймээримге ыйгарылды.
Жеңүүчүлөр жана номинация ээлери дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.