Эл аралык байланыштар бөлүмү Түркиянын Анталия Белек университети менен түзүлгөн эки тараптуу кызматташуу меморандумунун негизинде ОшТУ Erasmus KA171 – ICM долбоору боюнча талкууларды өткөрдү жана 2026-2027-жылдарга карата негизги багыттар аныкталды.
19-январда долбоордун биринчи жумушчу топ жыйналышы өткөрүлүп, анда Анталия Белек университетинин өкүлдөрү – IT коопсуздугу жана киберкоопсуздук боюнча адис, Эрасмус долбоорлорунун координатору Адем Шимшек жана Маалыматтык коопсуздук технологиясы бөлүмүнүн адиси Белек Сонероглу катышты. ОшТУнун атынан Сырткы байланыштар жана өнүктүрүү боюнча проректор, ф.и.д., профессор А.Т. Акматалиев, Инновациялык маалымат технологиялар институтунун директору, э.и.к., доцент М.А. Арзыбаева, “Киберкоопсуздук жана программалык инженерия” билим берүү программасынын жетекчиси, т.и.к., доцент Ю.В. Анищенко, Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы А.К. Аккожоева, бөлүмдүн башкы адиси Д.К. Абдимиталипова жана башка кызматкерлер катышты.
Жыйналыштын жүрүшүндө Erasmus KA171 – ICM долбоорунун бир жылдык пландары жана келечектеги кызматташуу багыттары талкууланып, эки университеттин ортосундагы кызматташуу деңгээлин жогорулатуу жана консорциум түзүү пландары аныкталды.