Ош технологиялык университетинде 12-декабрь – Улуттук адабият күнүнө карата “Улуттук адабият – улуттун руханий өзөгү” деп аталган Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына арналган адабий жумалык жарыяланып, ийгиликтүү жыйынтыкталды.
Жумалыктын жүрүшүндө Айтматовдун чыгармалары боюнча адабий талкуулар, ой жүгүртүүлөр, баяндамалар уюштурулуп, жазуучунун чыгармаларындагы улуттук аң-сезим, руханий кризис, заман жана адам темалары кеңири каралды.
Жумалыктын алкагында Ош мамлекеттик университетинин доценти, философия илимдеринин кандидаты Ф.Э.Алиева «Айтматовдук идеялар жана доор чакырыктары» деген темада конок лекция окуп, анда Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы философиялык ой жүгүртүү, адамзаттын тагдырына болгон жоопкерчилик, глобалдашуу доорундагы руханий баалуулуктардын маңызы тууралуу терең илимий пикирлер айтылып, студенттердин кызыгуусун жаратты. Конок лекция суроо-жооп, жандуу талкуу менен коштолду.
Адабий жумалык студенттер үчүн руханий байлыгын арттырган, билим берүү менен маданиятты айкалыштырган иш-чара катары жыйынтыкталды.