Ош технологиялык университетинин гуманитардык-технологиялык колледжинин ПиОСО-3-25(9) тайпасынын студенти Эсеналиев Нурраззак Алматы шаарында (Казакстан) өткөн тогуз коргоол боюнча U-17 жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында III орунду ээледи.
Спортчуну ректор профессор Жанболот Турсунбаев кабыл алып, жетишкен ийгиликтери үчүн куттуктап, мындан ары да жаңы жеңиштерди каалады.
Эскерте кетсек, Нурраззак буга чейин 2025-жылдын ноябрь айында Алматы шаарында өтө турган U-17 жаштар арасындагы дүйнө чемпионатына жана U-19 жаштар арасындагы Азия чемпионатына жолдомолорду жеңип алган.
Ош ТУнун студенттеринин дүйнөлүк жана континенттик деңгээлдеги ийгиликтери университеттин спорттук ийгилик тарыхына жаңы барак кошууда.