Ош технологиялык университетинде 2025-жылдын 27-ноябрында «Экологиялык коопсуздук жана Ош шаарын туруктуу өнүктүрүү: көйгөйлөр жана чечимдер» деген темада тегерек стол болуп өттү. Иш-чараны Технология жана жаратылышты пайдалануу институту уюштурду.
Тегерек столду ОшТУнун илим жана инновация боюнча проректору Нурланбек Танаков ачып берип, тегерек столдун өзөктүү темасына токтолуп, экологиялык коопсуздук өлкөнүн жана аймактын туруктуу өнүгүүсүндө стратегикалык мааниге ээ экенин белгилеп, илимий жактан негизделген чечимдерди иштеп чыгууда жогорку окуу жайлардын ролу чоң экенин айтты. Ошондой эле жаш изилдөөчүлөрдү жана студенттерди экологиялык долбоорлорго активдүү катышууга чакырып, бул иш-чара мындан аркы кызматташуулар үчүн аянтча болорун белгиледи.
Форумга Ош ТУнун жетекчилиги, Ош шаардык мэриясынын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгы, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги сыяктуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты. Ошондой эле «Ош-Тазалык» муниципалдык башкармалыгы, шаардык жашылдандыруу комбинаты, экологиялык уюмдардын өкүлдөрү, окутуучулар жана студенттик эко-клубдун мүчөлөрү активдүү катышышты.
Тегерек столдо төмөнкү маселелер талкууланды:
Шаар экологиясынын абалы.
Калктын экологиялык сабаттуулугун жогорулатуу.
Климаттык тобокелдиктер жана адаптация чаралары.
Жашыл аймактарды кеңейтүү.
Калдыктарды башкаруу тутумун өркүндөтүү.
Иш-чаранын алкагында бир катар илимий баяндамалар сунушталды:
Глобалдык жылуулук жана климаттын өзгөрүшү: Кыргызстан тарабынан ратификацияланган эл аралык документтерди аткаруу.
Ош шаарындагы атмосфералык абанын сапаты: көйгөйлөр жана тенденциялар.
Ош шаарынын жана айланасындагы сел коркунучу бар аймактарды мониторингдөө.
Ош шаарындагы дарак породаларынын зыянкечтери жана оорулары.
Тегерек столдун жыйынтыгында шаарды экологиялык жактан коопсуз жана туруктуу өнүктүрүүгө багытталган сунуштар иштелип чыгып, тиешелүү мамлекеттик органдарга жана мекемелерге жөнөтүлдү.