Ош технологиялык университетинин Табигый-гуманитардык илимдер борборунун директору, педагогика илимдеринин доктору, профессор А.Т.Саттарова 2025-2026- окуу жылынын ноябрь айында “Билим берүүдөгү заманбап технологиялар” аталышындагы 76 сааттык билимди жогорулатуучу курсун уюштуруп, тилчи окутуучулар курстан ийгиликтүү өтүштү. Бул курс бүгүнкү күндөгү билим берүү системасындагы санариптик трансформацияны туура түшүнүүгө, жаңы муундагы билим алуучуларга ылайык инновациялык ыкмаларды өздөштүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түздү. Курстун жүрүшүндө окутуучулар теориялык жана практикалык технологияларды өздөштүрүп, педагогикалык чеберчилигин күчөтүүгө багытталган заманбап инструменттер менен иштешти.
Бул билим берүү программасы окутуучуларыбызга окутуу сапатын жогорулатууга, студенттердин кызыгуусун арттырууга жана билим берүүнүн заманбап талаптарына жооп берген окутуу чөйрөсүн калыптандырууга мыкты негиз түздү.
Окутуучуларыбыздын кесиптик өнүгүүгө болгон умтулуусу – окуу жайыбыздын академиялык потенциалынын өсүшүнө чоң салым кошту.