Ош технологиялык университети (ОшТУ) менен Өзбекстан Республикасынын Андижан шаарында жайгашкан жеке жогорку окуу жайы – University of Economics and Pedagogy (UNIEP) ортосундагы түзүлгөн окуу жайлар аралык келишимдердин негизинде академиялык мобилдүүлүк ишке ашырылды.
Иш-чарага ОшТУдан Эл аралык мамилелер, укук жана билим берүү институтунун директору Абдалиев У.К., “Кесиптик билим берүүнүн технологиясы” кафедрасынын башчысы Бердибекова С.К., кафедранын доценттери Машиев М.А., Маматова М.Ж., ага окутуучу Алиева Р.А. жана бир катар студенттер катышты.
Бул иш сапар тажрыйба алмашууга жана билим берүү чөйрөсүндөгү кызматташтыкты бекемдөөгө чоң салым кошту.
Кафедранын окутуучулары үчүн атайын 144 сааттык квалификацияны жогорулатуу программасы уюштурулду. Бул программа бир ай аралыгында гибриддик негизде (онлайн жана оффлайн форматтарын айкалыштыруу менен) окутулат, анын алкагында окутуучулар актуалдуу билим берүү технологиялары боюнча тажрыйба топтошот.
Окутуучуларыбыз UNIEP университетинин студенттери жана профессордук-окутуучулук курамы үчүн бир катар кызыктуу жана мазмундуу конок лекцияларды окуп беришти.
Бул иш сапар ОшТУнун эл аралык байланыштарын кеңейтүүгө, эки өлкөнүн жогорку билим берүү мекемелеринин ортосундагы достук мамилелерди жана натыйжалуу кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө шарт түздү.











