“Бир алкак, бир жол” долбоорунун алкагында Кытай Эл Республикасынын Бинтуан Синсин кесиптик-техникалык колледжинин окутуучулары Чень Хай жана Фань Дан Дан Ош технологиялык университетинин Энергетика жана транспорт институтунун окутуучулары жана студенттери үчүн «Электротехника» курсу боюнча сабактарды өтө башташты.
Курс жогорку технологиялык багыттагы кесиптик көндүмдөрдү өркүндөтүүгө, электр техникасынын заманбап ыкмаларын өздөштүрүүгө жана эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган.
Окутуу аяктагандан кийин катышуучуларга эл аралык үлгүдөгү сертификаттар тапшырылат. Бул программа эки окуу жай ортосунда түзүлгөн расмий келишимдин негизинде ишке ашырылууда.