Ош технологиялык университетинде Илимий-техникалык кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйынды ОшТУнун илим жана инновациялар боюнча проректору, профессор Нурланбек Танаков алып барды.
Жыйында төмөнкү маселелер каралды:
1. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги каржылаган илимий изилдөөлөрдүн жыйынтык отчетторун кабыл алуу жана талкуулоо.
2. Аспирантура үчүн “Педагогикалык чеберчиликтин жогорку мектеби” жана “Илимий-изилдөө ишмердүүлүгүнүн методдору жана методологиясы” боюнча курстарды уюштурууну жана өткөрүүнү камсыз кылуу.
3. Инновациялык илимий-технологиялык борборунун жылдык отчетун угуу.
4. Илимий иштерге байланыштуу ар түрдүү маселелерди кароо.
Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү түзүмдөргө конкреттүү тапшырмалар берилди.