Ош технологиялык университетинин Технология жана жаратылышты пайдалануу институтунун ТШИ-22 тайпасынын студенти Сапарбек кызы Айжан Казакстан Республикасынын «Bilim órkenieti» улуттук инновациялык изилдөө борбору тарабынан уюштурулган “Түрк элдеринин мыкты студенти” улуттук сыйлыгынын жеңүүчүсү болду.
Айжан Сапарбек кызы окуу процессиндеги жигердүүлүгү, жогорку жетишкендиктери жана коомдук ишмердүүлүккө активдүү аралашканы үчүн бул сыйлыкка татыктуу деп табылды.
Ош технологиялык университети Сапарбек кызы Айжанды бул чоң жеңиши менен куттуктап, анын мындан аркы билим жана чыгармачылык издөөсүндө жаңы ийгиликтерди каалайт.