
Ош технологиялык университетинде салтка айланган “Жылдын мыктылары” конкурсу расмий түрдө башталды.

Ректораттын буйругунун негизинде түзүлгөн комиссия өз ишин баштап, талапкерлерден документтерди кабыл алуу жүрүүдө.

“Ийгилигиңди баалоого убакыт келди — конкурска катыш!”

Конкурс төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлөт:
1. Жылдын мыкты институту (же колледжи)
2. Жылдын мыкты кафедрасы
4. Жылдын мыкты илимий изилдөөчүсү
5. Жылдын мыкты окутуучусу
6. Жылдын мыкты аспиранты
7. Жылдын мыкты магистранты
10. Жылдын мыкты административдик башкаруу жана чарба иштеринин кызматкери
11. Жылдын мыкты спортчусу
12. Жылдын мыкты окуу-усулдук лабораториясы

“Өз жетишкендигиңди көрсөт — мүмкүнчүлүктү колдон чыгарба!”

Конкурс боюнча документтерди 25-ноябрга чейин комиссиянын катчысы
Малика Элчиевага тапшыруу керек.

“Эмгек, талант, билим — бааланмай болду! Жеңүүчүлөрдү биз күтөбүз!”