Eurasia-Pacific Uninet (EPU) тарабынан каржыланган “Жогорку кесиптик билим берүүдө туруктуу өнүгүү максаттарынын ишке ашырылышын изилдөөнүн заманбап ыкмалары” аттуу долбоордун алкагында Ош технологиялык университетинен э.и.к., доцент Хамзаева А.М., э.и.к., доцент Арзыбаева М.А., э.и.к., доцент Самиева К.Т., т.и.к., доцент Ташиев Н.М. 2025-жылдын 10–13-ноябрында Австриянын Montanuniversität Leoben университетинде иш сапарда болушту.
Делегацияны аталган университеттин ректору, инженердик илимдердин доктору, ардактуу доктор Петер Мозер расмий кабыл алып, университеттин ишмердүүлүгү жана эл аралык кызматташтык боюнча маалымат берди.
Иш сапардын жүрүшүндө ОшТУнун окутуучулары Montanuniversität Leoben университетинин экономика, маалыматтык технологиялар, энергетика, геология жана туруктуу өнүгүү багытындагы билим берүү программалары жана илим-изилдөө лабораторияларынын иши менен кеңири таанышты.
Ошондой эле туруктуу өнүгүү боюнча академиялык программаларды өркүндөтүү, инновативдүү жана санариптик ыкмаларды жогорку кесиптик билим берүүгө интеграциялоо тажрыйбалары талкууланып, биргелешкен илимий долбоорлорду, академиялык алмашуу программаларын жана окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алмашуулар жүргүзүлдү.
Тараптар Ош технологиялык университети жана Montanuniversität Leoben ортосундагы мындан аркы кызматташтыкты кеңейтүүгө жана туруктуу өнүгүү боюнча жаңы демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин белгилешти.