Ош технологиялык университетинде «Профилактика семейного насилия и виктимного поведения» темасында семинар болуп өттү. Иш-чараны Административдик башкаруу персоналынын аялдар кеңеши уюштурду.
Семинарды Ош мамлекеттик университетинин Педагогика, искусство жана журналистика институтунун психология кафедрасынын окутуучусу Жакыпова Наар Сүйүнбековна өткөрдү. Ал өз сөзүндө үй-бүлөдөгү зомбулуктун себептери, анын социалдык жана психологиялык кесепеттери, ошондой эле виктимдик жүрүм-турумду алдын алуу ыкмалары тууралуу кеңири маалымат берди.
Иш-чарага университеттин ар кыл түзүмдөрүнөн аял кызматкерлер катышып, суроолорду берип, пикир алмашышты. Семинардын жыйынтыгында катышуучулар үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча билим жана түшүнүктөрүн тереңдетишти.











