Ош технологиялык университетинин Технология жана жаратылышты пайдалануу институту жана “Аракет” долбоорунун ЖАРЫЯСЫ
“Манас-Ата” МТУ жатаканаларында, Алай-1, Алай-2, Эдельвейс жана Ош шаарынын локацияларында экологиялык абалды жакшыртуу, климаттын өзгөрүшүнө жана өзгөчө кырдаалдардын тобокелдиктерине байланыштуу чечимдерди издөө боюнча мыкты макала жана видеоматериал конкурсу
1. Жалпы маалымат
Бул конкурс экологиялык маалымдуулукту жогорулатуу жана академиялык чөйрөнү климаттын өзгөрүшү, экологиялык коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу маселелерди чечүү жолдорун издөө ишине тартуу максатында өткөрүлөт.
Конкурстун уюштуруучулары — М. М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин технология жана жаратылышты пайдалануу институту жана “Аракет” долбоорунун командасы, жана Иш-чара муниципалдык түзүмдөрдүн жана бейөкмөт уюмдардын өнөктөштүгүндө өткөрүлөт.
2. Конкурстун максаты
Студенттер менен окутуучулардын экологиялык абалды жакшыртуу жана өзгөчө кырдаалдардын тобокелдиктерин азайтуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуудагы чыгармачыл жана аналитикалык катышуусун стимулдаштыруу.
3. Конкурстун милдеттери
Студенттердин жана окутуучулардын экологиялык жана климаттык сабаттуулугун жогорулатуу;
Өзгөчө кырдаалдардын тобокелдиктерин азайтуу жана климаттын өзгөрүшүнө адаптация болуу боюнча мыкты сунуштарды аныктап жайылтуу;
Туруктуу өнүгүү демилгелерин колдоо;
Академиялык коомчулуктун көңүлүн Ош шаарынын экологиялык көйгөйлөрүнө буруу.
4. Конкурстун тематикасы
Катышуучулар төмөнкү багыттардын бирин же бир нечесин тандай алышат:
Өзгөчө кырдаалдардын (өрт, суу каптоо, жер көчкү ж.б.) тобокелдиктерин азайтуу боюнча сунуштар;
Климаттын өзгөрүшүнө адаптация болуу боюнча микрорайон жана жатаканалар деңгээлиндеги чаралар;
Экологиялык абалды жана жашоо шарттарын жакшыртуу идеялары;
Жаштардын жана билим берүү мекемелеринин экологиялык демилгелерге катышуусу;
Билим берүү мекемелеринин экологиялык туруктуулук жана коопсуздукту жогорулатуудагы ролу.
5. Номинациялар
А) Мыкты жазма материал (макала)
көлөмү: 1500 сөзгө чейин;
тил: кыргызча же орусча;
формат: аналитикалык макала, эссе же журналисттик материал.
Б) Мыкты видеоматериал
узактыгы: 5 мүнөткө чейин;
формат: видеорепортаж, мини-документалдык фильм же социалдык ролик;
видеону телефон аркылуу тартууга уруксат берилет (сапаты жакшы болушу керек).
Дедлайн: 2025-жылдын 18-ноябрына чейин
Конкурстук иштерди төмөнкү дарекке жөнөтүңүздөр:
г. Ош, Н.Исанов көчөсү 81, ОшТУнун башкы корпусу, 1/202 бөлмө.
Кошумча маалымат алуу үчүн байланыш телефондору: +996773271014
Электрондук даректер: zulumkan9@mail.ru, zulumkantesebaeva@gmail.com, advocacy.kg@gmail.com
🎉 Жыйынтыктоо жана сыйлык тапшыруу аземи — 2025-жылдын 20-ноябрында саат 13:30да ОшТУнун чоң акт залында өтөт.
6. Катышуучулар
Конкурс Ош технологиялык университетинин студенттери жана окутуучулары үчүн ачык.
7. Баалоо критерийлери
№
Критерий
Балл
1
Темага шайкештик
0–20
2
Сунуштардын жаңычылдыгы жана практичалуулугу
0–25
3
Креативдүүлүк жана оригиналдуулук
0–20
4
Материалдын сапаты (түзүлүшү, тили, визуалдык сапаты)
0–15
5
Сунуштарды ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү
0–20
Жыйынтык балл:
100 балл
8. Конкурстун жүрүшү
Конкурстун жарыясы — ОшТУнун сайтына жана социалдык тармактарга жайгаштырылат;
Конкурстук иштерди кабыл алуу — жарыяланган күндөн тартып эки жума ичинде;
Жюринин кароосу — документтер кабыл алынгандан кийин беш иш күнү ичинде;
Жыйынтыктоо жана сыйлык тапшыруу — “Аракет” долбоорунун экологиялык жыйынтык иш-чарасынын алкагында өткөрүлөт.
9. Жюринин курамы
Жюринин курамына төмөнкүлөр кирет:
Ош технологиялык университетинин өкүлдөрү;
“Аракет” долбоорунун өкүлдөрү;
Экология жана медиа тармагындагы адистер жана эксперттер.
10. Сыйлыктар
1-орун: диплом жана сыйлык;
2-орун: диплом жана стимулдук белек;
3-орун: ыраазычылык каты жана белек.
Мыкты иштер ОшТУнун жана “Аракет” долбоорунун медиаплатформаларында жарыяланат.
11. Күтүлгөн жыйынтыктар
Студенттер менен окутуучулардын экология жана туруктуу өнүгүү темаларына кызыгуусун жогорулатуу;
Локациялардын экологиялык абалын жакшыртуу боюнча практикалык сунуштарды даярдоо;
Академиялык коомчулук арасында экология жана климат боюнча активдүү катышуучулар тармагын түзүү;
ОшТУ, Ош шаарынын мэриясы жана “Аракет” долбоору ортосундагы кызматташууну чыңдоо.











