✅Ош технологиялык университети профессордук-окутуучулук курам үчүн академиялык мобилдүүлүк программасына катышууга чакырат!
✍️Программа Тилдер (англис тили), Экономика жана Маалыматтык технологиялар (IT) багыттары боюнча жүргүзүлөт.
📄 Катышуу үчүн талап кылынуучу документтер (англис тилинде):
⦁ Резюме (CV)
⦁ Мотивациялык кат (Motivation Letter)
⦁ Сунуш кат (Recommendation Letter)
⦁ Англис тилин B2 деңгээлинен төмөн эмес деңгээлде билүү зарыл. (TOEFL iBT \ IELTS сертификаты зарыл).
📍 Катышуучулар бардык жогоруда көрсөтүлгөн документтерди даярдаган соң ОшТУн Эл аралык байланыштар бөлүмүнө жеке кайрылуусу керек.
🎓 Бул программа – эл аралык тажрыйба алмашуу, кесиптик чөйрөдө өнүгүү жана дүйнөлүк академиялык байланыштарды кеңейтүү үчүн мыкты мүмкүнчүлүк!











