Ош технологиялык университетинде “Учёные будущего” аттуу эл аралык илимий-практикалык долбоордун алкагында Россиянын алдыңкы жогорку окуу жайларынан жана илимий борборлорунан келген окумуштуулар студенттер жана окутуучулар үчүн лекцияларды өткөрүштү.
Иш-чараны Ош технологиялык университетинин ректору Жанболот Турсунбаев ачып, катышуучуларды куттуктады. Ал өз сөзүндө мындай долбоорлордун билим берүү жана илим тармагындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү маанисине токтолуп, жаштардын илимге болгон кызыгуусун арттырууда чоң роль ойной турганын белгиледи.
Иш-чарага ОшТУнун жаш окумуштуулары, студенттери жана окутуучулары активдүү катышып, Россиянын белгилүү илимпоздору менен түз байланышта болуп, ар түрдүү илимий темалар боюнча суроолорун берип, тажрыйба алмашышты.
Долбоор Россия Федерациясынын Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин демилгеси менен, МИД Россиянын жана Россотрудничествонун колдоосу алдында, А.С. Пушкин атындагы Мамлекеттик орус тили институту тарабынан ишке ашырылууда.
Кыргызстандын аймагында 27–31-октябрь күндөрү өтүп жаткан бул долбоордун алкагында ОшТУнун студенттери жана жаш изилдөөчүлөр заманбап илимдин ар кыл багыттары боюнча лекцияларды угуп, жаңы билимдерге жана идеяларга ээ болушууда. Алар жасалма интеллекттин адамзатка тийгизген таасири, космостук аба ырайы, полимердик материалдар, математикалык логика жана тилдердин өз ара байланышы сыяктуу актуалдуу темалар боюнча баяндамачыларды угушту.
Бул иш-чара Ош технологиялык университетинин илимий потенциалын жогорулатууга жана эл аралык академиялык кызматташтыкты кеңейтүүгө чоң салым кошту.











