Ош технологиялык университетинин гуманитардык-технологиялык колледжинин Экономика предметтик-циклдык бирикмесинин финансы багытында билим алып жаткан студенттери Кыргыз Республикасынын Улуттук банкын Ош облустук башкармалыгынын нумизматикалык музейине барышты.
Сапардын алкагында студенттер Улуттук банк тарабынан чыгарылган ар түрдүү үлгүдөгү банкноттор жана монеталар, анын ичинде коллекциялык монеталар менен таанышышты. Ошондой эле Улуттук банктын өкүлдөрү студенттерге банк системасынын тарыхы, улуттук валютанын корголушу жана акча жүгүртүүнү жөнгө салуу жаатында кеңири маалымат беришти.
Иш-чаранын максаты — студенттердин финансы жана банк ишмердүүлүгү боюнча практикалык түшүнүгүн кеңейтүү жана Улуттук банктын тарыхый мурасына болгон кызыгуусун арттыруу болуп саналат.











