Ош технологиялык университетинде Жаштар комитети тарабынан Улуттар аралык достук жарманкеси уюштурулду. Иш-чарага университеттин жалпы жамааты жана студенттери активдүү катышып, кызыктуу оюн-зооктор жана көркөм программалар менен башкаларга шыктануу тартуулашты.
Жарманкеде ар улуттун улуттук тамак-аштары, салттуу кийимдери, ыр-күйлөрү жана маданий өзгөчөлүктөрү көргөзүлдү. Тамак-аштар саттыкка коюлуп, түшкөн каражат кайрымдуулукка жумшалды.
Бул иш-чара — улуттар аралык достукту чыңдоонун, ар түрдүү маданияттарды таанып-билүүнүн жана ынтымакты бекемдөөнүн мыкты мүмкүнчүлүгү болду. Университеттин жаштары бул жарманкеден чоң таасир алды жана чыгармачылык потенциалын көрсөтүштү.