Ош технологиялык университетине Волгоград мамлекеттик техникалык университетинин эл аралык ишмердүүлүк боюнча проректору Григорий Владимирович Бойко иш сапары менен келди.
Конокту Ош технологиялык университетинин окуу иштери боюнча проректору Улукбек Мамытов тосуп алды. Жолугушууга Энергетика жана транспорт институтунун директору Нуркул Мурзакулов, Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Айназик Аккожоева, ошондой эле кафедра башчылары жана бөлүмдүн кызматкерлери катышты.
Жолугушуу учурунда Улукбек Мамытов Григорий Владимирович Бойкого Ош технологиялык университетинин ишмердүүлүгү, институттардын түзүмү, эл аралык байланыштар, илимий-изилдөө жана билим берүү тармагындагы жетишкендиктер тууралуу кеңири маалымат берип, университеттин иш багыттары менен тааныштырды.
Иш сапардын жүрүшүндө тараптар эки окуу жайдын ортосундагы достук жана академиялык кызматташтыкты өнүктүрүү, илимий-техникалык изилдөөлөрдү жана инновациялык ишмердүүлүктү өрчүтүү, биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгуу, студенттердин жана окутуучулардын академиялык мобилдүүлүк программаларын ишке ашыруу сыяктуу багыттарды талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында Ош технологиялык университети менен Волгоград мамлекеттик техникалык университетинин ортосунда Кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Бул жолугушуу эки университеттин ортосундагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүүгө жана келечектеги биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө болду.