Ош технологиялык университетинин Колдонмо информатика кафедрасында Фергана мамлекеттик техникалык университетинин Компьютердик инженерия кафедрасынын доценттери тарабынан конок лекциялар өткөрүлдү.
Лекциялар төмөнкү темаларда болуп өттү:
• «Сигналдардын санариптик фильтрация ыкмалары жана алардын колдонулушу» – доцент Тошпулатов Шерали;
• «Мультимедиалык байланыш тармактары» – доцент Жураев Нурмахамад;
• «Оптикалык байланыш тармактары» – доцент Райимджонова Одинахон;
• «Киберкоопсуздук» – доцент Ганиева Шахризод;
• «Геомаалыматтык технологиялар» – доцент Мамадалиев Нурилло Азизиллоевич.
Конок лекциялар студенттердин билим деңгээлин жогорулатуу, тажрыйба алмашуу жана эки жогорку окуу жайынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү максатында уюштурулду.