Архитектура жана курулуш институтунун Архитектура, дизайн жана графика кафедрасынын окутуучусу Мамадалиев Мирланбектин жетекчилиги алдында студенттерден турган чыгармачыл топ окуу процессин практикалык иштер менен айкалыштырып, өлкөбүздүн аймактарында, өзгөчө Ош шаарында курулуп жаткан ири курулуш долбоорлорунун макеттерин жасап, кесиптик тажрыйбасын жигердүү арттырууда.
Бүгүнкү күндө бул топ заманбап технологияларды колдонуу менен макет жасоо процессин жаңы деңгээлге көтөрүүдө. Мурда макеттер негизинен картон жана түстүү кагаздардан жасалып келсе, учурда пластик материалдар колдонулуп, жогорку тактыктагы лазердик кескичтер жана 3D-принтерлердин жардамы менен жасалууда. Айрыкча, татаал кооздоочу элементтер 3D-басма технологиясынын негизинде так жана сапаттуу аткарылган.
Бул демилге студенттердин кесипкөйлүк деңгээлин көтөрүүгө, заманбап архитектуралык жана курулуш технологияларын өздөштүрүүгө өбөлгө түзүп, алардын чыгармачыл жана практикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө.