Ош технологиялык университетинде гуманитардык-технологиялык колледжинин Курулуш предметтик-циклдик бирикмеси тарабынан студенттердин ата-энелери менен жолугушуу уюштурулду.
Бул иш-чарага окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулар, студенттер, алардын ата-энелери жана курулуш тармагындагы иш берүүчүлөр катышты.
Иш-чараны Тарбия иштери жана социалдык өнүктүрүү департаментинин директору Рамис Ыдырысов ачып берип, ата-энелерге кайрылуу сөзүндө: «Балдарыбыздын ийгилиги — биздин жалпы аракетиңиздердин натыйжасы. Билим берүүдө гана эмес, тарбия берүүдө да ата-эне менен окутуучунун биргелешкен аракетинин мааниси чоң. Биздин максат — коомго жоопкерчиликтүү, билимдүү, кесипкөй адистерди даярдоо», — деп белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө окууда, спортто жана коомдук-маданий иштерде мыкты жетишкендиктерге жетишкен студенттердин ата-энелерине ыраазычылык каттары тапшырылды.
Техника жана технология бөлүмүнүн башчысы Рустам Пакирдинов да сөз сүйлөп: «Балдарыңыздардын кесиптик багытта өз ордун табуусу — биздин орток максатыбыз. Окуу жай аларга сапаттуу билим, заманбап көндүмдөр жана практикалык мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга аракет кылууда», — деп ата-энелердин колдоосун жогору баалады.
Мындан сырткары, билим берүү процессинде үзүрлүү кызматташтык үчүн иш берүүчүлөргө окуу жайдын атынан баалуу белектер тапшырылды.
Иш-чарада ата-энелер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, тиешелүү жоопторун алышты. Активдүү катышкандарга жана суроо-жоопторго жигердүү катышкан ата-энелерге университеттин эмблемасы түшүрүлгөн баалуу белектер ыйгарылды.
Бирикменин башчысы Кансулуу Кулматова да сөз сүйлөп, ата-энелерге жана иш берүүчүлөргө окуу жай менен тыгыз кызматташып келе жатканы үчүн ыраазычылык билдирди.
Салтанаттуу иш-чара концерттик программа менен коштолуп, жыйынтыгында катышуучулар үчүн окуу жайдын материалдык-техникалык базасы жана билим берүү шарттары менен таанышуу максатында экскурсия уюштурулду.
Бул жолугушуу ата-энелердин, окутуучулардын жана иш берүүчүлөрдүн ортосундагы байланыштын дагы да бекемделишине өбөлгө болуп, студенттердин билим алуу процессине кошумча дем берүүчү маанилүү кадам болду.