2025-жылдын 8-октябрында ОшТУнун гуманитардык-технологиялык колледжинин ЭС-1-23(9), ЭстСС-1-23(9), ЭстСС-1-24(11), ЭАСХ-1-23(9) тайпаларынын студенттери адистик сабактарын практикалык жактан бекемдөө жана Ош электр тармактары ишканасынын структуралык бөлүмдөрү менен таанышуу, ошондой эле бүтүрүүчүлөрдү иш менен камсыздоо максатында ОшЭТИге жана 220/110/10кВ “Узловая” көмөк чордонуна энергетика предметтик-циклдик бөлүмүнүн окутуучулары менен биргеликте барып келишти.
Студенттер ОшЭТИнин башкы инженери Раймалиев М.К., Көмөкчү чордондор кызматынын башчысынын орун басары Пархатов А.Дж., ишенимдүүлүк жана техникалык коопсуздук кызматынын башчысы Джолборсов С.Дж., ошондой эле ошол кызматтын инженери Курмушуев Г.К. менен жолугушуп, ОшЭТИнин структуралык түзүмү жана алардын ишмердүүлүгү жөнүндө кеңири маалымат алышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер менен иш берүүчүлөрдүн ортосунда тегерек стол уюштурулуп, суроо-жооп форматында кызыктуу талкуу өттү. Студенттер өздөрүн кызыктырган көптөгөн суроолорго жооп алышты.
Андан тышкары, студенттер 220/110/10кВ “Узловая” көмөк чордонуна барып, ОРУ-110кВ, ОРУ-220кВ жана көмөкчү чордондун заманбап автоматтык башкаруу жана релелик коргоо пункттары менен жеринен таанышышты. Иш-чаранын аягында студенттер керектүү маалыматтарга толук ээ болушту.
Бул иш-чара студенттердин кесиптик тажрыйбасын кеңейтүү, теориялык билимди практика менен айкалыштыруу максатында уюштурулду.