Ош технологиялык университетинде жыл сайын салтка айланган биринчи курстар аралык спартакиада өз ишин баштады. Иш-чарага университеттин бардык институттары жана колледжинен түзүлгөн командалар катышып, ар түрдүү спорттук багыттар боюнча күч сынашууда.
Спартакиаданын расмий ачылыш аземин окуу иштери боюнча проректор Улукбек Мамытов ачып берип, катышуучуларга ийгилик каалады. Ал өз сөзүндө мындай иш-чаралар студенттердин ынтымак-биримдигин чыңдоодо жана дени сак жашоо образын калыптандырууда чоң мааниге ээ экенин белгиледи.
Бул спорттук мелдеште студенттер спорттун улуттук жана классикалык түрлөрү боюнча — стритбол, волейбол, шахмат, ордо, тогуз коргоол, үстөл тенниси жана жалпы дене даярдыгы сыяктуу дисциплиналарда таймашып жатышат.
Жыл сайын өткөрүлүп келген бул иш-чаранын негизги максаты — жаштарды дени сак жашоого үндөө, достукту жана биримдикти бекемдөө, ошондой эле университеттин курама командасына мыкты спортчуларды тандоо болуп саналат.
Мелдешке Ош технологиялык университетинин Дене тарбия кафедрасынын окутуучулары калыстык кылып, оюндардын жогорку деңгээлде өтүшүн камсыздап жатышат.