Ош технологиялык университетинин Энергетика жана транспорт институтунун чакыруусу менен Москва шаарындагы Россиялык Кооперация Университетинин техника илимдеринин кандидаты, профессор Врагов Андрей Владимирович университетибизге келип, студенттер жана окутуучулар үчүн сабак өтүүдө.
Профессор Воагов 2025-жылдын 6-октябрынан тартып, бир жума бою энергетика багытындагы 2-курстун студенттерине “Энергетиканы математикалык моделдештирүү” сабагынан атайын лекцияларды өтүп жатат. Ошондой эле бакалавр деңгээлиндеги студенттер үчүн да адистик сабактар өткөрүлүүдө.
Мындан сырткары, профессор университеттин профессордук-окутуучулук курамына арналган курстарды да өткөрүп жатат. Бул курстун соңунда катышуучуларга атайын сертификаттар тапшырылат.
Бул иш-чара университеттер аралык илимий жана билим берүү кызматташтыгын бекемдөө менен катар, студенттердин жана окутуучулардын предметтик билимин тереңдетүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзөт.