Ош технологиялык университетинде Жаштар комитетинин жалпы мүчөлөрү студенттер менен жолугушуу өткөрүштү. Иш-чараны Тарбия иштери жана социалдык өнүктүрүү департаментинин директору Рамис Ыдырысов ачып берип, студенттерге университеттин активдүү жашоосуна аралашуу зарылдыгы тууралуу сөз сүйлөдү.
“Креативдүү жаштар менен жолугушуу” деп аталган иш-чарада университеттин Жаштар комитетинин төрагасы Элтуран Кадырбеков уюмдун ишмердүүлүгү жана алдыдагы пландары боюнча маалымат берди.
Жолугушуунун жүрүшүндө Жаштар комитетинин жалпы мүчөлөрү тааныштырылып, жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу жарыяланды. Ошондой эле студенттер үчүн ыр-бийлер тартууланып, интеллектуалдык оюн уюштурулуп, мыкты катышуучулар аныкталды.