Ош технологиялык университетинде Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн демилгеси менен “Ачык эшик күнү” өткөрүлдү. Иш-чаранынын башында ОшТУнун сырткы байланыштар жана өнүктүрүү боюнча проректору А.Т.Акматалиев жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы А.К.Аккожоева сөз алышып, эл аралык кызматташтыктын маанисине токтолуп, студенттерди жаңы мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга чакырды.
Ачык эшик күнүнө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аттешасы Автандил Жунусов жана Баткен, Ош шаарында жайгашкан Орус үйүнүн жетекчилиги, облустук жана шаардык китепкананын өкүлдөрү, университеттин жетекчилиги, институт директорлору, окутуучулар жана студенттер катышышты. Сырттан келген конокторго да сөз берилип, пикир алмашуулар болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө Америка маалымат-ресурстук борбору, Корея борбору, Кытай борбору жана Орус тили жана славян маданияты борборлорунун ишмердүүлүгү жана алдыдагы пландары тааныштырылды.
Ошондой эле Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн долбоорлору, студенттик алмашуу программалары жана стажировкалары боюнча кеңири маалымат берилди.
Мындан тышкары чет элдик студенттер үчүн Кыргыз Республикасында мыйзамдуу жашоо шарттары, адаптация мүмкүнчүлүктөрү жана тышкы уюмдар менен кызматташтык жолдору жөнүндө маалымат сунушталды.
Иш-чаранын маданий бөлүгүндө концерттик программа уюштурулуп, ар улуттун ыр-бийлери тартууланды. Ошондой эле эссе жана Instagram конкурстарынын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр сыйлыктар менен сыйланды.
Бул иш-чара студенттердин эл аралык билим берүү программаларына жана жаңы мүмкүнчүлүктөргө болгон кызыгуусун арттырууну көздөдү.