Азыркы учурда ОшТУда KOICAнын ыктыярчыларынын демилгеси менен 10–12-сентябрга чейин үч күндүк Эко-челлендж өткөрүлүүдө. Иш-чаранын максаты – глобалдык экологиялык көйгөйлөрдүн бири болгон таштандыларды азайтуу жана жаштарды экологияны коргоого чакыруу.
Бүгүн студенттер жана окуу жайдын жамааты активдүү катышып, акысыз суусундуктарды алуу менен бир жолу колдонулуучу кружкалардын ордуна көп жолу колдонулуучу кружка жана термосторду колдонушту. Катышуучулар таштандыларды азайтуу жана экологияны сактоо маанисин терең түшүнүштү.