Бүгүн Ош технологиялык университетине Корея Республикасынын Эл аралык кызматташтык агенттигинин “KIOSID” аттуу ыктыярчылар тобу келишти. Алар сентябрдан декабрга чейинки 4 айлык мөөнөттө ОшТУнун технология жана жаратылышты пайдалануу институтунун экология кафедрасында иш алып барышат.
Ыктыярчылар негизинен ландшафт чөйрөсүн жакшыртуу, студенттер арасында айлана-чөйрөнү коргоонун зарылчылыгы жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу жана экологиялык билим берүүнүн базасынын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн мугалимдерге педагогикалык билим берүү боюнча бир катар программаларды ишке ашырышат.
Аларды ОшТУнун ректору Жанболот Турсунбаев тосуп алып, кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирди. Жолугушууда университеттин ишмердүүлүгү, эл аралык долбоорлору жана ОшТУнун алдындагы Корей борборунун иши тууралуу маалымат берилип, мындан аркы кызматташуунун багыттары белгиленди.
KOICAнын өкүлдөрү өз кезегинде студенттердин билимин бекемдөө, маданий алакаларды кеңейтүү жана экологиялык тажрыйбаны өнүктүрүү багытында иш алып баруу ниетин билдиришти.
Бул кызматташтык ОшТУдагы эл аралык байланыштарды кеңейтип, жаштарга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга өбөлгө түзмөкчү.