Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бахтияр Сайпидинович Орозов Ош технологиялык университетине болгон жумушчу иш сапарынын алкагында окуу жайдын жалпы ишмердүүлүгү, материалдык-техникалык базасы, студенттерге түзүлгөн шарттар жана өнүгүү багыттары менен жеринен таанышты.
ОшТУнун ректору Жанболот Турсунбаев министрге университеттеги жаңы курулуп жаткан жана колдонууга берилген заманбап окуу лабораториялары, окуу корпустарын модернизациялоо, студенттик жатакана, “Univer+” санариптик платформасынын иштеши, профессордук-окутуучулук курамдын ишмердүүлүгү жана ОшТУнун QS, RUR эл аралык рейтингдердеги жана Scopus дүйнөлүк маалымат базасындагы илимий жетишкендиктери, билим берүү сапатын жогорулатуу багытындагы инновациялык иштер, абитуриенттерди кабыл алуу процесси, жана алдыдагы пландары боюнча кеңири маалымат берип өттү.
Иш сапардын соңунда министр Б. С. Орозов окуу жайдын жетекчилиги менен баарлашып, жогорку билим берүү тармагындагы реформалар жана жаңы мүмкүнчүлүктөр тууралуу пикир алмашты.