Ош технологиялык университети менен Өзбекстандын Андижан мамлекеттик техникалык институтунун ортосунда онлайн форматта жыйын болуп өттү. Жыйындын негизги максаты — эки окуу жайдын ортосунда биргелешкен окуу программаларын түзүү жана аларды ишке ашыруу жолдорун талкуулоо болду.
Онлайн жыйынга ОшТУнун окуу иштери боюнча проректору У.Ж. Мамытов, сырткы байланыштар жана өнүгүү боюнча проректору А.Т. Акматалиев, университеттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары, институт директорлору катышты.
Онлайн жыйындын жыйынтыгында тараптар конкреттүү долбоорлордун үстүндө иштөөгө макулдашышып, биргелешкен окуу программаларын жакын арада пилоттук түрдө ишке ашырууну пландаштырышты.
Бул алака эки тараптуу кызматташтыктын жаңы этабын ачып, студенттер үчүн заманбап билим алууга жана эл аралык деңгээлде атаандаш болууга мүмкүнчүлүк түзөт.