Ош технологиялык университетинин академик Б.Мурзубраимов атын. Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун алдындагы «Азык түлүк коопсуздугу, айыл чарбасындагы илим жана техника, жашыл экологиялык өнүгүү» илимий-изилдөө борборунун жетекчиси, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Эльтар Смаилов жетектеген илимий топ Өзбекстан күрүч изилдөө институтунун окумуштуулары менен биргеликте кыргыз күрүчүнүн генетикасы жана селекциялык иштер менен иштөөнү күчөтүп, күрүчтү асылдандыруу иштерин баштады.
Максат — күрүчтүн жогорку түшүмдүү, илдеттерге, тузга жана кургакчылыкка чыдамдуу сортторун түзүү.
Аталган институт тарабынан жүргүзүлүп жаткан асылдандыруу иштери илимий негизде, заманбап агробиотехнологияларды колдонуу менен жүргүзүлүүдө. Тандалган ата-энелик формалардын ичинен оптималдуу асыл тукум жуптары тандалып алынат жана кийинки этапта гибриддер боюнча селекциялык иштер жүргүзүлөт.
Бул иш күрүчтүн жаңы, климатка ыңгайлашкан жана сапаттуу сортторун түзүүгө кызмат кылат. Бул өлкөбүздүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга, айдоо аянттарын натыйжалуу пайдаланууга, чарбалардын кирешесин көбөйтүүгө өбөлгө түзөт.
2024-жылы ОшТУ, Өзгөн районундагы Баш-Дөбө айыл өкмөтү жана Өзбекстан күрүч изилдөө илимий институтунун ортосунда күрүчтү асылдандыруу туурасында эл аралык кызматташуу келишими түзүлгөн. Бул изилдөө иши Баш-Дөбө айыл өмөтүнөн аймагында күрүч аянтында эрте жаздан бери жүргүзүлүүдө.