📍Бүгүн баарыбыз үчүн унутулгус тарыхый күн! Бул жылы М.М.Адышев атын. Ош технологиялык университети QS Stars Rating System беделдүү эл аралык рейтингине биринчи жолу катышып, мүмкүн болгон бештен 4 “жылдыз” алган жогорку рейтингге ээ болду. QS Stars QS Quacquarelli Symonds (QS) дүйнөлүк рейтингинин кызмат портфелинин бир бөлүгү болуп саналат. Бул рейтингдин негизги өзгөчөлүгү, талдоо университетти башка университеттер менен салыштыру декуга эмес, университеттин күчтүү жактарына басым жасоого негизделген. QS Stars университеттердин ишмердүүлүгүнүн кеңири спектрин жана анын жогорку эл аралык стандарттарга шайкештигин чагылдырган 50дөн ашык индикаторлорду комплекстүү талдоонун жыйынтыгы боюнча жалпысынан 0дөн 5+ жылдызга чейинки шкала боюнча университеттердин рейтингин түзөт.
📍Сиздерди университетибиздин QS Stars University Rankings программасында эл аралык аренадагы чоң жетишкендиги менен чын дилимден куттуктайм! Бул ийгиликтин артында биздин профессордук-окутуучулар жамаатынын, илим үчүн талыкпай эмгектенген окумуштуулардын жана кызматкерлердин теңдешсиз салымы бар. Биз алардын ар биринин эмгегин кубануу менен ар дайым жогору баалайбыз.
📍QS Stars University Rankings программасына катышууга расмий түрдө арыз берип, эл аралык аренада олуттуу ийгиликтерге жетишти. QS Stars ар кандай критерийлер боюнча университеттерди талдап, алардын көрсөткүчтөрүн салыштырууга мүмкүндүк берген комплекстүү баалоо системасы. Дүйнө жүзүндөгү көптөгөн университеттер бул системаны колдонушат, ал кеңири перспективаны камсыз кылат жана ар кандай категориялар боюнча катышуучу институттарды баалайт.
📍Университетибиздин дүйнөдөгү эң алдыңкы QS World University) жана RUR (Round University Ranking) рейтингдери тарабынан жогорку окуу жайларынын катарына кириши мамлекет башчыбыз белгилеген билим берүү тармагындагы чоң милдеттерди ишке ашырууга жасалган олуттуу кадам. Бул жетишкендик биз үчүн жөн эле жыйынтык эмес, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү, жаңы максаттарга, жаңы бийиктиктерге жол ачат.
📍Азыр биздин милдет – жетишкендиктерди бекемдеп, алдыга умтулуу. Биздин алдыбызда мындан да чоң жоопкерчилик турат. Биргелешкен аракетибиз менен бул жоопкерчиликти абийир менен аткарып, ОшТУнун стратегиялык өнүгүү концепциясынын талаптарын аткаруу үчүн университетибизди эл аралык аренада өлкөбүз сыймыктанган алдыңкы окуу жайлардын катарына айландырабыз деп ишенем!
Сиздерди урматтоо менен
ОшТУнун ректору Ж.Ж.Турсунбаев