Ош технологиялык университетинде (ОшТУ) заманбап жабдуулар менен камсыздалган илимий-өндүрүштүк лаборатория түзүлүү алдында турат. Бүгүн, 2025-жылдын 13-июнунда, ОшТУнун ректору, профессор Ж.Ж. Турсунбаев жана Pamir Testing Co., Ltd. компаниясынын жетекчиси Фу Сяоцзюнь эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюшту.
Бул келишим студенттердин жана окутуучулардын практикалык билим алуусун колдоо, илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү жана өндүрүш менен илимди айкалыштыруу максатын көздөйт. Лаборатория Технология жана жаратылышты пайдалануу институтунун “Геология жана минералдык ресурстар” кафедрасынын базасында жайгашмакчы.
Жаңы лаборатория:
• заманбап, жогорку тактыктагы жабдуулар менен камсыздалат;
• студенттердин жана магистранттардын илимий иштерине колдоо көрсөтөт;
• билим, илим жана өндүрүштү интеграциялоого багытталган;
• Кыргызстандагы алгачкы жогорку деңгээлдеги лабораториялардын бири болот.
Pamir Testing Co., Ltd. компаниясынын маалыматына караганда, лаборатория 1 млн. доллардан ашуун нарктагы жабдуулар менен жабдылып, жаңы окуу жылына чейин толук ишке киргизилет.
Белгилей кетсек, буга чейин ОшТУ Кытай тарап менен темир жол инженерлерин даярдоо боюнча кызматташуу келишимине кол коюп, энергетика багытында да заманбап лаборатория ачкан.