Ош технологиялык университетинин «Известия Ошского Технологического Университета» илимий рецензияланган журналыбыз энергетика, курулуш жана архитектура тармактары боюнча макалаларды кабыл алууда. Журнал англис тилинде жарык көрүп, Scopus базасына өткөрүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат жана эл аралык илимий-метрикалык базага жайгашат (журналдын бир чыгарылышында бир автор бир эле жолу илимий макала бере алат). Бул биздин коллектив үчүн өтө чоң жетишкендик!
Жарыялануучу макалалар төмөнкү багыттарды камтыйт:
– Энергиянын кайра жаралуучу булактары, энергия үнөмдөө жана туруктуу энергетика;
– Заманбап курулуш материалдары жана технологиялары, «жашыл» курулуш;
– Архитектурадагы инновациялык чечимдер жана экологиялык аспектилер.
Журнал ачык жеткиликтүүлүк саясатын карманат, демек бардык макалалар эркин жана акысыз жеткиликтүү болот. Толук маалымат жана макала берүү шарттары расмий сайтта жайгашкан: https://news-oshtu.com/ru