ОшТУ студенттерди кабыл алуу көрсөткүчү боюнча Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын ичинен ЭҢ АЛДЫҢКЫ БЕШ университеттин катарына кирди.
Бул тууралуу”Билим күнүнө” арналган салтанаттуу иш-чарада ОшТУнун ректору, профессор Жанболот Турсунбаев белгиледи.
Гранттык орундардын толук максаттуу толтурушундагы ийгиликтер да мамлекетибизде технологиялык, инженерия багытындагы жаштардын көбөйгөнүн эске алат.
Бул көрсөткүч студенттердин университетке болгон ишенимин жана билим сапатынын жогорку деңгээлде экенин айгинелейт.
Бул жылы Ош технологиялык университети ушул күнгө 5000 ге жакын студент кабыл алды.
Университеттин гумманитардык -технологиялык колледжи 2200 жакын студент кабыл алды. Бул колледж – Кыргызстандагы эң чон колледж.
Ал эми курулуш, архитектура багытына 2000 адам окуу ниетин билдирип, документ тапшырган. 600 дөй студент кабыл алынды.
Алдыда дагы чет элдик абитруенттерге кабыл алуу улантылууда.